Баткен шаарынан алты окуучу мектепти “Алтын Тамга” менен аяктайт
Быйылкы 2022-2023-окуу жылында «Алтын тамга» тестирлөөсүнө Баткен шаарынан 32 бүтүрүүчү катышты. Алардын арасынан 6 бүтүрүүчү билимин тастыктап, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту. Алар Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин окуучулары Нурмира Абдиллаева, Мираида Аскаралиева, Асел Жолдошова, Азирет Камалов, Кутман Сайытканов, Бекназар Турдубаевдер. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына болгон кароо-сынак үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде өткөн.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт